www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагаевдин Тукуновдон эмнеси кем?

Кызматка жетүүнүн эки гана жолу пайда болду, бири бийликти мактоо болсо, экинчиси ач кыйкырык салып пикетке чыгуу.

Бул көрүнүш салтка айланып бара жаткандай, себеби дегенде илим менен билимге сугарылгандар, кызыл дипломумдун кайсынысын көрсөтөйүн дегендерди чоң кызматтардан көрбөй, жалаң гана митингчи, пикетчи же болбосо, бийликти мактаган «пахтакорлорду» гана жолуктуруп калдык.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн теңири оозунан түшпөгөн, бирок адамдык сапаты аласында калган Акжолтой Тукуновду алалы. Ал өткөн жылдын жай айларында активист Адилет Балтабайга кошулуп «Казиного каршымын», - деп митинг уюштуруп, Балтабайдын баласын 5 жылга каматып, өзү Мамлекеттик монополияга каршы комитеттин жетекчисине орун басар болуп келген. Же ишинен майнап чыксачы...

Бул митинг уюштуруп ишке орношуу эски методу иштеп жатса, бийликти мактап креслого жармашуу ыкмасы өз натыйжасын бербей жатат сыяктанат. «Көлбаевдер келе жатат, криминал каптады», - деп тээ октябрь айларында элдин баарын чочутуп, таанымал болгон Байсаловдун өкүл баласы Марат Тагаев деген блогер бар. Ал бийликти мактоо боюнча жонуна камчы салдырбаган, алдына киши алдырбаган соцтармактардын активдүү колдонуучусу.

Ал өзүнүн баракчасына - «Азыр кудайга шүгүр, президент менен премьер-министр гана эмес ар бир өкмөт мүчөсү өзүнчө саясий фигура. Ар бири эркин кыймылдайт. Ошондуктан Министрлер кабинетинин курамында бир канча шайлоолорду уткан, революцияларды көргөн Төрөбаев, Байсалов деген чоң саясатчылар бар. Эл болобуз, өзгөлөргө тең болобуз десек салык, тариф саясатын кайра кароо деген сөзсүз керек экенин түшүнсөк туура болот эле», - деп жазыптыр.

Бакыт Төрөбаев качантан бери революционер болуп калды эле? Дегеле Кыргызстандын эгемендүү тарыхында революционерлер барбы? Салык, тариф, штрафтын баасын көтөрөрдөн мурун элге ошого жараша шарт түзүп, жумуш орду менен камсыздоо деген түшүнүк жокпу?

Айланайын бийлик өкүлдөрү, отдел кадрлары, Тагаев талпынып жаткан Маданият министрлигинин орун басарлыгына алып барып койгулачы. Колу мазольдоп, тили жешилип деле калса керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости