www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн «Достук» мейманканасында «Кемпир-Абад боюнча ишти жашыруун кылууга негиз барбы?» деген тегерек стол өткөрүлдү. Мындан 3 ай мурда кармалган отузга жакын активисттин адвокаттары жана адам укуктарын коргоочулар уюштуруу иштерин алдын ала сүйлөшкөнүнө карабастан, эл чогулганда отельдин залында жарык жок болуп чыкты, ошондуктан жыйынды шам жагуу менен өткөрүүгө туура келди.
Чогулгандардын баары – ишти жашыруун кылууга негиз жок деген жыйынтыкка келди, анткени мамлекеттик сырларга тиешеси бар эч нерсе жок жана бул факт өзү эле – иш саясий экенин дагы бир жолу далилдейт. Бүбүсара Рыскулованын айтымында, бийлик азыр жөн гана жарандык коомду каралап, элдин оозун жаап салууга аракеттенүүдө.
Сапар Аргынбаевдин айтымында, азыр өлкөдө тартип коргоо органдары – эң коррупциялашкан уюмдар жана мыйзамсыз чыккан өкүмдөргө тийешеси бар соттор, тергөөчүлөр, прокурорлор жазаланмайынча, иш оңолбойт. Ошондой эле мыйзамсыз негизде бир кезде азыркы президент Садыр Жапаров дагы соттолгон, бирок эч ким жаза тарткан эмес.