www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Гонконгдогу катуу өрттөн кийин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Orda.kz сайтынын маалыматы боюнча, Казакстандын мамлекет башчысы кытай элине колдоо көрсөтүп, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдирген.

Wang Fuk Court турак жай комплексиндеги 6 имарат өрттөнүп кеткен. Катуу өрттөн 55 адам каза болуп, дагы 100 адам жаракат алган, 300гө жакын адам дайынсыз.

“Комплекс сегиз көп кабаттуу имараттан турган. Буга чейин бул имараттардын айрымдарында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Өрт курулуш торчолору жана бамбук каркастарынын айынан тез жайылып кеткен. Үч имарат дээрлик 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөн, ал эми калгандары күйүп жатат. 13-кабаттан 23-кабатка чейин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат”,- деп айтылат маалыматтарда.

700дөн ашык адам убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлүп, ыктыярчылар жана социалдык кызматтар адамдарга жардам беришүүдө. Тамак-аш таратылып жатат.

Си Цзиньпин Гонконгдогу өрткө байланыштуу көңүл айтып, курмандыктарды жана зыянды азайтуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоону талап кылды

Өзгөчө кырдаалдын себеби иликтенүүдө. Оңдоо компаниясынын жетекчилери жана консультант-инженер кармалды.

Последние новости