www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда орус тилинин статусу тууралуу айтты, - деп билдирет Tengrinews.kz.

«Орус тили расмий тил макамына ээ. Биздин мыйзамдарга ылайык, аны колдонууга тоскоолдук кылуу мүмкүн эмес”, - деди президент.

"Казак тилинин талаасы өтө чектелүү деп айтууга негиз жок", - деп кошумчалады президент.

Ал белгилегендей, казак тилин өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. «Жалпысынан мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсү кеңейүүдө. Бул табигый көрүнүш, жашоонун негизги тенденциясы”, - деди мамлекет башчысы.

Президент бардык казакстандыктарды казак тилин үйрөнүүгө чакырды. «Бул патриотизмдин башкы белгиси. Ошол эле учурда, эгер биздин жаштар башка тилдерди, анын ичинде орус тилин жакшы билишсе, алар эч качан утулбайт”, - деп баса белгиледи Токаев.

Касым-Жомарт Токаев жыл сайын болуучу парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында Казакстан элине Кайрылуу жасады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости