www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токиодо өткөн Олимпиада – 2020 дүйнө жүзү боюнча масштабдуу иш-чарада Жапония медалдарды стилдүү гана эмес, табигый да кылып жасоого жетишти. Айтайын дегенибиз аталган медалдарды жасоодо таштандыны кайра иштетүү жолу колдонулган. Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу бардык өлкөлөр сыйлыктарды жасоого катышты.
Маалыматка ылайык, Олимпиадалык медалдар кайра иштетилген электротехникадан колдонулган мобилдик телефондордон жана башка гаджеттерден жасалган.
Белгилей кетсек, Жапонияда Олимпиадалык медалдарды өндүрүү боюнча жалпы улуттук долбоордун алкагында, 2017-жылдын 1-апрелинен 2019-жылдын 31-мартына чейин, ким болбосун керексиз болуп калган гаджеттерин көчөлөрдө жана почта бөлүмдөрүндө илинген атайын кутуларга салуу жарыяланган. Эки жылдын ичинде өлкө боюнча уюлдук телефондорду кошкондо дээрлик 79 тонна керектөөчү электроника чогулган. Токио Олимпиадасынын 5000 медалын жасоо үчүн кайра иштетилүүчү материалдар: 32 кг алтын, 3,5 кг күмүш жана 2,2 кг коло алынган.
Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадачылары 30 жылдык эгемен тарыхында биринчи жолу үч медаль тагынып келишти.
Булак: NazarNews.kg