www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милицияга Токмок шаарынын тургуну кайрылып, кылмыштын курмандыгы болгонун айткан. Ал кишинин айтымында, аны сабап, тоноп кетишкен.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 8-сентябрда билдиргендей, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен катталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция бул кылмышка бир топ адамдардын тиешеси бар экенин аныктаган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 51 жаштагы Усманга (аты өзгөртүлдү, 1972-ж.т. Н.Ю.) 2-сентябрда А.М. аттуу 16 жаштагы таанышы чалган. Алар кафеде жолугуп, андан соң кыз кишиге мейманканага барууну сунуштаган. Усман менен А.М. мейманканага баргандан кийин бөлмөгө бир нече адам кирип келген. Алар жашы жете элек кызга карындашы катары кайрылып, аны урушуп, Усманды сабап, 5000 сомун алып кетип калышкан.
Андан соң жабырлануучуну унаага салып, Токмоктун четине алып кетишкен. Ошол жерде аларды Мурат (аты өзгөртүлдү) күтүп турган. Ал Усманга жакшы менен мамиле жасап, сүйлөшүү учурунда ал киши ката кетиргенин, аны чечүү үчүн 800 миң сом талап кылына турганын айткан. Өмүрү үчүн корккон Усман анын талабына макул болгон.
Эртеси 3-сентябрда ошол эле Мурат Усманга келип, бирок бул ирет ага башкача мамиле кылып, анын эки уюн жана 30 миң сомун алып койгон. Ошол эле учурда жабырлануучудан акча талап кылууну уланткан.
Натыйжада 1993-жылы туулган Б.М., 1992-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган И.М., 1977-жылы туулган М.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган.
Тергөө иштеринин алкагында башка шектүүлөр да такталууда.
Булак: NazarNews.kg