www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия Америка Кошмо Штаттары менен макулдашып, Россиянын 11 жаранына санкция киргизди. Алар Британиянын ооруканаларына жана маанилүү инфраструктурага, анын ичинде жергиликтүү бийликтерге, ишканаларга жана мектептерге кибер чабуулдарга катышкандыгы айтылууда. Бул тууралуу Улуу Британиянын каржылык санкциялар боюнча агенттиги жарыялаган жаңыланган кара тизмеде айтылат.

Британ бийлигинин маалыматы боюнча, топтун курамына кирген адамдар дүйнө жүзү боюнча жабыркагандардан кеминде 180 миллион доллар жана Улуу Британиядагы 149 жабырлануучудан кеминде 27 миллион фунт (33,7 миллион доллар) алышкан.

Бул адамдардын бардыгына Улуу Британияга кирүүгө тыюу салынган, эгер табылса, алардын өлкөдөгү активдери тоңдурулат. АКШнын Каржы министрлиги да киберкоопсуздукка байланыштуу санкциялардын тизмесин Россиядан 11 адамды камтыгандай кеңейтти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости