www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмокто дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Н.К. аттуу жаран кайрылып, 19 жаштагы Керемет Асылбек кызын издөөгө жардам көрсөтүүнү суранган.
Анда ал 12-октябрда кызы Токмоктогу “Булак” базары жактагы жумушунан чыгып кеткен бойдон үйүнө кайрылып келе электигин айткан.
Керемет Асылбек кызынын белгилери:
- бою болжол менен 180 см
- көзү жана кашы кара
- чачы ийинге чейин, кара түстө
- кийими: боз түстөгү куртка, кара шым жана боз бут кийим.
Токмок шаардык милициясы эгерде кыздын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо, жарандарды дароо нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүнү суранат:
0 (313) 86-31-02, 0 (312) 60-73-63, 0 (700) 29-40-42 же бирдиктүү милиция номери 102 аркылуу кабарлоо керек.