www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 1,05 га жер тилкеси менен мамлекетке алынган борбор чогултулган материалдардын негизинде кайтарылды. Кыймылсыз мүлк 1995-жылы ошол кездеги КР мыйзам ченемдерин бузуу аркылуу менчиктештирилип кеткен.
Аталган борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилгени аныкталды. Ошону менен бирге КР өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасына» ылайык, ушул типтеги объектилер толугу менен менчиктештирүүгө жатпайт, б.а. акциялардын 59% мамлекетке тиешелүү болушу керек.
Бирок, Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада, мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан тиешелүү акцияларынын пакети берилген эмес, б.а. мамлекет пайдадан жана борбордун аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденддерди алган эмес.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул социалдык маанилүү объект максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилди.
УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.