www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал.

Буга чейин бизнесмен Бельгияда коронавирустан каза болгондугу айтылган. Ал COVID-19 вирусун Казакстанда жуктурган. Ден-соолугу качарлап кеткендиктен Бельгияга дарыланууга барган.

Маркумдун Киргизия көчөсүндөгү үйүнө базар тараптан барчу жол жабылды. Милиция кызматкерлери ал жактан унааларды өткөрбөй, көчөнү айланып өтүүнү сунуштап жатышат. Бирок жөө адамдар өткөрүлүүдө.

Көчөнүн экинчи тарабы ачык, бирок ал жакта унаа койгонго жер жок.

Маркумдун үйүнүн жанына токтотулган унаалардын ичинен Казакстан, Россиянын номурлары жана дипломатиялык номурлар тагылган унааларды көрүүгө болот.

Үйдү жеке күзөт кызматынын кызматкерлери кайтарып, үйдүн сыртында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.

Сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган, бирок каалаган адам бизнесмендин үйүнө кире алат.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген адамдардын катарында Ибрагимовдун бизнес-өнөктөштөрү — кыргызстандык ишкерлер Александр Машкевич менен Патох Шодиев, саясатчы Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Мирбек Мияров бар.

Ошондой эле Казакстандан 30дан ашуун унаа келгенин байкоого болот.

Саат 14:00дө митинг-реквием өтөрү айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости