www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында жашы жете электер арасында тилемчилик, кароосуз калуу жана селсаяктык фактыларынын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү.
Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Тилемчилик» аталышындагы алдын алуу иш-чарасына Токмок шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн, билим берүү, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан.
Рейд учурунда жертөлөлөр, жер алдындагы өтмөктөр, базарлар, көчө кесилиштери жана селсаяк адамдар чогулушу мүмкүн болгон башка жайлар текшерилди.
Ошондой эле коңшу мамлекеттерден келип, тилемчилик менен алектенген жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды аныктоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгында тилемчилик менен алектенген жашы жете элек балдар аныкталган эмес. Бирок түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөн эки жашы жете элек бала табылган.
Алардын ата-энелерине карата мыйзам талаптарына ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете электердин кароосуз жана көзөмөлсүз калышына, тилемчиликке тартылышына жол бербөө, балдардын укуктарын коргоо жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу.