www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы Токмоктун тушундагы чек ара тилкеси боюнча чоң нааразычылык жаралды.

Казак тарап Токмоктун тушундагы Бишкектен Ысык-Көл, Нарын, Кеминге кетчү айланма жолду тосуп жатат. Анткени, чек ара тилкеси суунун жээги менен деп таанылып, Чүй дарыясы Токмокко имерилип кирген 200 метр жердин бир жээги бизге караштуу дешип казактар ээлик кылып алышкан. Аны биздин бийлик төбөлдөрү таанып ратификация кылышкан.

Дал ушул саткындык, өлкө кызыкчылыгы тебелеген калпыстыктын кесепетинен ал жер транзиттик зона катары саналып, казактарга тиешелүү дегенди биздин өлкө башчылары таанышкан. Мына эми ошонун айынан жол тосулуп калмай болду. 

Бүгүн болсо эл нааразы. Эми кеч. Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек ара такташууда баарынан утулуп, жерин алдырып, чек арасын тарытып келе жатканы өкүндүрөт.

Кытайга Үзөңгү-Кууш, Казактарга Каркыра, Токмоктун тушу, Таластагы Көк-Сай, Ак-Сай, Луговой жактан бир топ жер өтүп кеткен. Өзбекстанга Кемпир-Абад, Керкидан суу сактагычтары өттү. Эми Тажикстанга эмнени алдырабыз, зээн кейийт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости