www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Көз карандысыздык мамлекеттин жана элдин эң негизги байлыгы", - деди бүгүн, 2-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.

- Токон Болотбекович, эркиндикке ээ болгон 30 жылдын ичинде Кыргызстан кандай күндөрдү баштан кечирди?

- Көз карандысыздык мамлекеттин жана элдин эң негизги байлыгы деп эсептесек болот. 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРинин ал кездеги Жогорку Кеңеши мамлекеттин көз карандысыздыгы жөндөгү декларация деп токтом кабыл алган. 30 жылдын ичинде жолубуз шыдыр, түз болду деп айтууга болбойт.  Бул мезгилде жетишкендиктер да, трагедиялуу учурлар да болду. Тагыраагы, ысыкты да, суукту да башыбыздан өткөрдүк. Акылыбызга жана күчүбүзгө жараша экономиканы өнүктүргөнгө аракет кылдык. Саясий жактан демократиянын жолуна түшүп, бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү болдук.

- Жетишкен жактарыбыз кайсылар?

- Биринчиси, өлкөнүн бүтүндүгү. Экинчиси көп улуттуу кыргыз мамлекетинин биримдигин сактап калдык. Ошондой эле ыңкылап дейбизби, революция дейбизби аны үч жолу башыбыздан өткөрдүк. Бул нерсе өлкө үчүн, эл үчүн да ийгиликтүү болду десек болот. Бул бир жагы. Экинчи жагынан ошол эле ыңкылаптар мамлекеттин, элдин трагедиясы десек да болот. Себеби, адамдардын өмүрү кыйылып. Бир топ жоготууларга учурадык. Бүгүнкү күнгө чейин ошол жоготууларды толуктай албай турган кезибиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости