www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мас болуп, рулга отуруп алыпсың деп эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун өзү адам укугун түздөн-түз бузууга алып келет. Мындай пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Токтайым эже, марттан баштап эреже бузган айдоочуларга айып пул көбөйдү. Мас болуп алып, рулга отургандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажырай турган болуп калды. Кырсыкты алдын-алабыз деген максат менен жасалган аракети туурабы же аша чаап кетиштиби?

-- Азыркы кабыл алынып жаткан чаралардын баарында одоно мыйзам бузулуп, өзгөчө жарандардын Конституциялык укуктары тепеселенип жатат. Себеби, сот гана чечим кабыл алып, иликтөө негизинде жаранды жоопкерчиликке тарта алат. Бүгүнкү күндө кабыл алынып жаткан мыйзамдар так анализделген эмес. Ошон үчүн карама-каршылыктар көп. Унаанын ээси мурун айдоочуга мамлекеттик ишеним кат же "доверенность" менен берчү. Ошол эң керектүү норма алынып салынган. Айдоочу күнөөлүү болсо да, айып пул унаанын ээсине жөнөтүлөт. Эч кандай иликтөө жок эле доо коюп, мажбурлоо менен айып пулду төлөтүп жатышат. Бир топ унаалар эки үч кишинин колунан өтүп кетүүдө.

Негизи айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу үчүн сот гана чечим кабыл ала алат. Мас болуп, рулга отуруп алыпсың деп эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун өзү адам укугун түздөн-түз бузууга алып келет. Баса, унааны да айып короого алып барып коюшат. Бирок, материалдык чыгымды унаа ээси күнөөсүү жок болсо да тартууда. Ошентип бир эмес, кээ бирде эки-үч кишинин укуктары бузулуп, марттан баштап катаалдаган чаралардын кесепетин тартып жатышат.

-- Айтмакчы, бир сапар тегерек стол уюштуруп, айып пулга төлөнгөн каражаттарды талкууладыңар эле. Андан кандай жыйынтык чыкты? 

-- Мен уюштурган тегерек столго ИИМдин эки кызматкери катышты. Бизди түпөйүл кылган суроолорубузду башкармалыкка айтып барышаарын убада кылышты. 

Мен өзүм билген маалыматка таянсам айып пулдар жеке менчик компанияга кетүүдө. Башында Орусиянын компаниясы эле, кийин имиштер менен кыргыз-кытай компаниясы, азыркы мезгилде "Аманат Транс ЛтД" деген компаниянын өкүлдөрү айып кагаздарын таркатышат жана айып пулдар ошол компанияга түшөт. Бирок, алар өздөрүн жашырууда. Чынында жолдон чоң суудай аккан каражат камералар аркылуу сырдуу жеке менчик компанияга кетип жатканы ойго салат. Ар ким өзү каалагандай калчап Минфиндин эсебине түздөн-түз түшпөй, жеке менчик компанияларга кетиришкенин токтотушпаса, жол эрежесине тиешелүү айып пулдарды эл да төлөбөгөнгө акысы бар. Айып пулду өндүрөөрдөн мурун, тийиштүү кызматтар ушул маселенин аныгына чыгышы керек.

-- Айып пулдарды катуу талап кылганына жараша бизде жол белгилери так коюлганбы?

-- Биздин жолдордун биринде жол белгилери даана көрүнө бербейт. Айрымдары күндүз чала-була көрүнсө, түнкүсүн ак сызыктар көрүнбөй деле калат. Анан жол эрежелери бузулат. Анан айып пул очойуп чыгат. Айып пулдар карапайым элдин жонунан кайыш тилгендей эле болуп жатат. Кырсыктын азайып кеткенин билбейм, бирок, элдин укугу бузулуп, араң жашап жаткан элдин чөнтөгүнө чоң эле сокку болуп жатат.   

-- Баса, айрым жолдор акы төлөө системасына өтөөрү айтылууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Акы төлөнө турган жолдорду сыртка койсо болот. Ошко, Нарынга жана башка аймактарга. Шаардан ичиндеги жолдорду акы төлөтө турган болсо, өтө чоң кыйынчылыкка алып келет жана да элдин нааразычылыгын күчөтүп алышат. Анткени, кымбатчылыктын айынан эл жарылайын деп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости