www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 19-февралына карата 9,993 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынынын сайтында кабарланды.

2020-жылдын дал ушул датасында кампадагы көрсөткүч 12,873 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 2,88 млрд. куб метрге азайды.

Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен.

Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жайда «Биринчи радиодого» курган маектеринин биринде аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган.

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да өкмөт өкүлдөрү кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса өчүрүүлөр орун алаарын эскертишкен. Ушул күндөрү ар кайсы жерлерде жарык кезек менен үзүлүп жатканы кабарланууда. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭСтеги абал кескин начарлай турганын энергетиктер эскертишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости