www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана балык ресурстарын коргоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы билдирди.

Рейд учурунда суу сактагычтын аймагы текшерилип, мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча көзөмөл жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында белгисиз адамдар тарабынан коюлган, жалпы узундугу 300 метр болгон синтетикалык балык уулоочу тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз колдонулган синтетикалык торлор балык запастарына олуттуу зыян келтирет.

Табылган тор тиешелүү тартипте каттоого алынып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлдү.

Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы балык ресурстарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана жаратылыш байлыктарын коргоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.

Последние новости