www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд. куб метрге чейин төмөндөп кеткени айтылууда. Электр тармагын көзөмөлдөгөн "Электр станциялары" делген ишканын маалыматына таянсак, акыркы бир ай ичинде башкы казанчадагы суунун көлөмү 385,72 млн куб метрге азайып кеткен.
Ушуну менен бирге эле "Электр станциялары" ишканасы Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу белгиленген лимиттен орто эсеп менен 500 млн. кВт/саат ашыкча сарпталып жатканын да кабарлады. Эми, эгерде аталган суу сактагычындагы суу орто эсеп менен 8 млрд. куб метрге чейин төмөндөп кетсе, андагы генераторлорго “дем” жетпей Токтогул ГЭСинин иши токтойт дегендик.
Деги эле Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгын өлкөдө алдыда энергетикалык каатчылык күтүлүп жатканын белгиси катары энергетиктер эскертип келет. Расмий маалыматтарга үңүлсөк, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард КвТ/саатты түзүп турат.
Аны толтуруу үчүн Кыргызстан учурда Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан электр энергиясын алууда. (Өз тарыхында алгач жолу ушундайга кептелип) Баса айтмакчы, 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтердин көтөрүлгөнү күчүнө кирди. Буга ылайык өндүрүш, азык-түлүккө болгон баалар кошо кыматтоодо. P/S. Калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин болду.
Булак: NazarNews.kg