www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 14-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 67 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 343 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 406 куб метрди түзүүдө.

Былтыр 2022-жылдын 14-июнуна карата суунун көлөмү 11 млрд 143 млн. куб метрди түзгөн.

Мына ошондо дээрлик 2 миллиард куб суу былтыркыга салыштырмалуу аз. Бул дегендик жайында топтолгон суунун көлөмү кыштан чыгууга жетпейт дегенди билдирет. 

Демек, кышында электр энергиясын өндүрүү таңкыстыгы жаралып, свет өчөт. Болгондо дагы бир нече сааттап өчүшү мүмкүн. Эл эртелеп кышка отун-сууну камдап, даярдык көрүшү милдет. Ансыз кыйынчылык болот. Муну бийлик ачык айтышы зарыл. 

Мына азыртадан эле, электр энергиясына болгон тартыштыкты жабуу үчүн, Россиядан сатып алып жатышат. Апрель айында Россиядан 67,8 млн квтч электр энергиясын импорттоп келишкен.

Аттиң, президент Садыр Жапаров айткан сөздүн бири жок. Нарында эл менен жолуккан учурда: "Отуз жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула лимит алынат, свет өчпөйт, баа өспөйт" - деген эле. Андан бери мына эки жыл өттү лимит алынган жок, свет өчүп жатат. Баа өстү. Быйыл деле абал өзгөргөн жок...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости