www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Көпчүлүк жаңы партиялар талапкер таппай айла жок, “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол”, “Биримдик”, СДПК партияларынын мүчөлөрүн киризип, шайлоого аттанышты”, - деди бүгүн, 15-мартта “Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев.

--Төлөгөн мырза, Президенттин Өзбекстанга болгон иш сапары майнаптуу эле болдубу?

--Өзбекстанга болгон президенттин иш сапары майнаптуу болдубу жокпу айта албайм. Анткени кандай келишимдерге кол коюлганын жана өз ара келишүү болгонун көргөнүм жок. Кандай гана эки тараптуу келишим болбосун, парламент тарабынан ратификация болбосо күчүнө кирбейт. Тагыраагы, эки тараптуу келишим, эки өлкөгө тең пайда алып келиши керек.

--Неге Оштогу иштен кеткен вице мэр кызматтан кетер менен мэрди сындады?

--Иш бар жерде ийгилик жана кемчилдик болот, мурдагы вице-мэр менен мэрдин ортосунда келишпестик шайлоо башталганда курчуп кетти. “Иштен кеткенимди жаңылыктардан уктум, эртеси барып арыз жазып бердим” деп жатат. Өз укугун коргой албаса, эмгек кодексине жана мунуципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык эмне себептен кеткенин тактай албаса, арыз жазып баса бергени кайдыгерлик. Эгер мэр мыйзамсыз иштен алса, Садыр Жапаровдун колдоочулары айткандай “Даканса” соттошуп, бир жыл убакыт кетсе да, мэрдин буйругу мыйзамсыз болсо сот аркылуу жокко чыгартып, мэрге укуктук баа бердириши керек эле. Ал эми айтып жаткан көйгөйлөр негизинен туура. Ага мэр чечет деп отурбай шаардын тийиштүү бийлиги өз аракетин жүргүзүүсү керек.

--Бишкекте 45 мандат үчүн 1825 киши ат салыша баштады. Бул нерсе бийликти жакшы көргөнүбүздү далилдейби же жаштардын амбициялуу экенин айгинелейби?

--Бишкек шаарынын Шаардык Кеңеши 45 мандатка ээ, ал эми 1825 талапкер ат салышып жатат дегенге кошулбаймын. Анткени, жергиликтүү кеңештерге шайлоо  жөнүндөгү мыйзамда партиялар 68 талапкерден кем эмес талапкер  көрсөтүүсү керек экендиги белгилеген талап бар. Ошого байланыштуу шайлоого катышып жаткан саясий партиялар Бишкек шаарында каттоодо турган 100 го жакын талапкерди чогултууга аракет кылышты. Анткени кээ бир талапкерлердин кош жарандуулугу же соттуулугу болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу көпчүлүк жаңы партиялар талапкер таппай айла жок, “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол”, “Биримдик”, СДПК партияларынын мүчөлөрүн киргизип, шайлоого аттанышты. Негизги депутат болот деген ниети бар талапкерлер  250го жетип жетпейт. Ошол 250 талапкердин туугандары достору калган талапкерлер тизмени толтуруу үчүн гана киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости