www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев жакында министрликтин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү пландалып жатканын билдирип, кайра баалоонун себептеринин бири катары аскерлердин арасындагы ашыкча салмактуулуктан арылуу экенин белгиледи.
«Аттестацияны өткөрүүгө бир нече себеп болду. Мен министр болуп келгенде эле көзгө илингени - аскер кызматкерлеринин көбү ашыкча салмактуу экен. Экинчиси - алардын билим деңгээли бир аз төмөндөп кетиптир», - деди министр.
Ажикеев ӨКМнын бардык курамы аттестациядан өткөрүлөөрүн айтып, бул кызматкерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүгө жардам болоорун кошумчалады. Министр аттестация боюнча видео кайрылуусун мекеменин Facebook баракчасына жайгаштырды.
29-январда Жапаров «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» жарлык чыгарган. Өкмөт башчы Улукбек Марипов бул жарлыкты мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатында деп түшүндүргөн. Учурда өлкөдө район акимдерин кайра баалоо жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg