www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги КСДПдагы саясий кризис, Иса Өмүркуловдун фракциядан четтетүү аракети башталганы боюнча “Кыргыз-Ата” саясий партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаевди кепке тартты.

-Бир жыл мурун эле Алмазбек Атамбаевди журт атасы деген Иса Өмүркулов неге партиядан куулуп, фракция  башчылыктан дагы четтегени жатат?

- Иса Өмүркулов кезинде КСДП партиясында таасирдүү жана Алмазбек Атамбаевдин эң жакын ишеничтүү адамы болгон. Ошон үчүн  КСДПнын  фракция башчылыгына чейин жеткен. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Иса Өмүркулов да өзгөрдү. Башкача айтканда мурдагы досунан четтей баштады. Ошондой эле мурда КСДПдан четтетилгендердин " КСДП Атамбаевсиз " деген кыймылын кабыл алып, Атамбаевдин ого бетер жинине тийди. Алардын  аракетин мыйзамсыз экендигин  аныктай албагандан кийин КСДП партиясынын саясий кеңеши аргазсыз И.Өмүркуловду партиядан кетирүүгө мажбур болду. Бул жагдайды КСДП өзүн өзү коргоого жасаган аракети ошондой эле  мыйзамсыз иштерди алдын алууга жасаган далалаты деп түшүнсөк болот. Анткени, КСДПнын пресс катчысы Кундуз Жолдубаева ММК аркылуу мыйзамсыз иштердин артында Иса Өмүркулов турганы  далилденди деп маалымат таркатты.Эгер бул маалымат чын болсо ,Иса Өмүркуловду партиядан четтетүү чечими мыйзамдуу.

-Атамбаевчилердин күүч Иса Өмүркуловду фракциядан четтетүүгө күчү жетеби?

-КСДП партиясы Кыргызстандагы башкаруучу партия болуп эсептелет. Партиянынын саясий кеңеши фракциядан жогору турат. Ошондуктан фракция саясий кеңештин чечимин аткарууга милдетүү.  Ошондой эле Иса Өмүркуловдун фракция лидер болууга жана фракция жыйындарын өткөрүүгө мыйзамдуу жактан да, моралдык жактан укугу жок.

-Мындан ары КСДПны кандай тагдыр күтөт?

-КСДП партиясы саясий кризисти башынан өткөрүп жатат.Партиянын мындан кийинки ишмердиги партия төрагасынын саясий кадамдарына байланыштуу болот. Партиянын тагдыры да төраганын колунда.

-Партия саясий аренада жашап калыш үчүн Атамбаев сөзсүз партия башчылыгынан кетиши керекпи?

-Атамбаев КСДПдан  кетип ордуна башка лидер келсе да партиянын ишин алдыга жылдыруу кыйын. Анткени, президенттик жана Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордо айткан убадалар ишке ашкан жок. Ошон үчүн эл колдобой коюшу мүмкүн.

-Айтканыңызга ынаналы, КСДП Атамбаевсиз деген ураан алдында иш кылгандардын ишинен майнап чыгабы?

-КСДП Атамбаевсиз деген топтун ишмердиги ишке ашпайт. Анткени, бир убакта ушуларАтамбаев бийликте турганда май талкан кызматтарда жүрүшкөн. 6-жыл партия лидери президент болгон кезде баары балык болуп отурушкан. Партиянын лидерин алмаштыруу үчүн партиянын курултайы болуп, бул маселе күн тартибине кириши керек. Башкача айтканда, лидер алмаштыруу партиянын курултайында көпчүлүк добуш менен чечилет. КСДПнын курултайы 2019-жылдын 6-апрелинде өтөрү белгилүү болду. Ошол убакта бул маселе күн тартибине киргизилсе гана майнап чыгат. Болбосо КСДП Атамбаевсиз дегендердин иши ишке ашпайт. Анткени, Атамбаев 5 жылга шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости