www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин орун басары Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлер күчөп баратат. Ишмердиги, жыйнаган дүнүйө-мүлкү шек санатууда. Коомдук ишмер Төлөйкан Исмаиловага суроо салдык.

- Кыргызстанда ар бир чиновник жарандык көзөмөлдө турганы айтпасак да түшүнүктүү болсо керек. Анткени, мурункудай саясатчыларга эч кандай ишенич жок. Мурунку жылдын октябрь айында келген чиновниктер өздөрү даана жана так маалымат бериши керек. Кандай жол менен байыды, эмне болду, кандай иштейт?

Эгер мындан ары да мыкаачылык, рейдерлик саясат менен алектенишсе, мурункудан жаман болорун жана коомчулук аны кечирбешин айтпай тек коёлу. Биз улут болуп өнүгүү жолуна түшүүбүз керек. Качанкыга чейин Акылбекке окшогон чиновниктер эптеп эле жанталашып бийликке умтулуп, эч бир менеджменттик жөндөмүн мамлекеттин кызыкчылыгына иш жүзүндө көргөзбөй, анын ордуна кыргыздарды кул кылып жүрө беришет?

Айтканы башка, жасаганы бөлөк болгондон эл тажады. Биздин карапайым адамдар менен чиновниктер ортосунда чоң ажырым бар. Аны жок кылууда ар бир чиновник даана, таза, чын ыкласында өлкө үчүн иштегенге ант беришпейби? Айтор, баары күмөндүү...

Булак: Азия News гезити

Последние новости