www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан жогору турушу керекБул тууралуу Ош облусунун башчысынын орун басары Эрнис Толтоев Кемпир-Абад маселеси боюнча Өзгөндөгү райондук администрациянын астанды чогулган элге сүйлөп жатып билдирди.

Ал элге сүйлөп жатып, Кемпир-Абад маселеси боюнча маалыматты жыйындар залына кирип угууга болорун, маалымат жабык эшик артында берилип жатканын билдирди.

Чогулгандардын арасынан бир жаран «Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршысызбы?» деген суроо узатты. Ага Толтоев, «Бул маселени мамлекет чечет. Мамлекеттин кызыкчылыгы корголушу керек. Элдин кызыкчылыгы да корголушу керек, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу зарыл», - деп жооп берди.

Толтоевдин сөзүнөн кийин чогулган эл «эл болбосо, мамлекет да жок», «эл болсо, мамлекет да болот», «Кыргызстандын Конституциясында эл бийликтин булагы деп турат» деп анын айткандарына каршы чыгышты.

Эскерте кетсек, коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтылып жаткан маселе боюнча бүгүн, 4-октябрда Өзгөндөгү райондук администрацияда президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу өткөрдү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости