www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш быйыл кышында орус газынын жетишсиздиги үчүн энергетикалык өч алуу алдында турат. Бул тууралуу Кембридж университетинин саясий экономия боюнча профессору Хелен Томпсон британиялык Financial Times басылмасына берген маегинде билдирди.

«Кышында Батыш өлкөлөрү оор дилеммага туш болушат: алар тез арада катастрофалык масштабга ээ боло баштаган энергетикалык кризистин зыянын азайтуунун жолдорун табышы кере.

 Ал эми Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын кээ бир өлкөлөрү азыртан эле экономикалык жана саясий проблемалардын босогосунда турат», — деп эсептейт экономист.

Анын пикиринде, Батыш үчүн келе жаткан энергетикалык кризистен кутулуу өтө кыйын болот.

Буга чейин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Европа орус газысыз ​​алты айдан ашык эмес убакытка «туруштук бере алат» деп билдирген. Келечекте Орусия Федерациясынан газсыз калган Европа мамлекеттери сөзсүз түрдө олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болушат, аны жеңүү өтө кыйын болот.

Буга байланыштуу ЭВФ Орусия Федерациясына катуу газ эмбаргосун киргизүү коркунучу бар экенин эскертти, анткени бул ЕБ өлкөлөрүнө терс таасирин тийгизет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости