www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районундагы мектепте заманбап күнөскана ачылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Эшперов айылындагы Догдуров атындагы мектебинде мектеп ашканасын жашылчалар менен камсыз кылууга багытталган пилоттук демилге менен мектептин күнөсканасы иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп күнөскананы балдарды органикалык түрдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштер менен суук мезгилдерде да камсыздоо үчүн колдонулат.

«Бул демилге республиканын бардык башталгыч мектептеринде техникалык потенциалды жогорулатуу жана аш болумдуу тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Күнөскана күндүн энергиясын максималдуу пайдаланган заманбап технологияларды колдонуу менен курулган. Энергияны үнөмдөөчү долбоорлор каржылык жактан гана натыйжалуу болбостон, экологиялык туруктуулук үчүн да маанилүү.

Аталган пилоттук долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу боюнча улуттук программанын алкагында ишке ашты. Күнөскананы ишке киргизүү Ысык-Көл аймактык өнүктүрүү Фонду, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жана Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнлдин өнөктөштүгүнүн аркасында мүмкүн болду», - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости