www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда

«Global Firepower» индекси боюнча Кыргызстандын армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат. Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте болчу.

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан төртүнчү орунда. Биринчи орунга Өзбекстандын армиясы чыкты. Куралдануу жана камсыздалышы жагынан өзбек армиясы дүйнөдө 51-орунда турат.

Экинчи орунда Казакстан, дүйнөдө 62-сапта турса, үчүнчү орунда Түркмөнстан, дүйнө боюнча 86-орунда, Тажикстандын армиясы дүйнөдө 99-орунда.

Бул индексти чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, резервдеги армиянын саны, куралданган техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралат.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

1992-жылы Кыргызстанда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түптөлгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы 1999-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бул орган Улуттук коопсуздук кызматынын курамына өткөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости