www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов мурдагы маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун сөзүнө жооп берди.

Азамат Жаманкулов #ГалстукТар долбооруна келгенде ага "Депутат Тазабек Икрамов "жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп, бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз" деп сизди сындады эле. Ушундай сындарга көз карашыңыз кандай?" деген суроо берилген. 

"Жогорку Кеңеште бардык нерсе жөн эле жасалбайт. Депутат министрди сындап жатса артында бир нерсе бар да. Мен министр болуп келгенде коррупциялык схемаларды тазалаганга аракет жасадым. Биринчиси, цирк болду. Бул көп жылдардан бери коррупцияга батып, ар кандай схемаларды түзүп алган адамды кызматтан ала албай келген экен. Ошол адамды эч кимди укпастан алып салдым. Экинчи адам Жалал-Абад техникумунун директору экен. Чындыгын айтсам, ошол учурда өзүм барып көргөн эмесмин. Министр болгондо ал техникумду көрдүм. Имаратты ат сарайга айландырып салыптыр. Балдар согуш мезгилинде окугандай окушат. Бул жердин директору маданият тармагында иштебеш керек деп кызматтан кетирүү үчүн кол коёюн деп жатсам Тазабек Икрамовго ошол маалымат жетип калыптыр. Көрсө анын коргоочусу Тазабек Икрамов экен. Мен ага карабай кол коюп салдым. Анан тиги киши мага эмоция менен чалып, "талкалайм, Жогорку Кеңешке келсең көрсөтөм" деп нааразы болду. Мен бул жактагы системди өзгөртүп жакшы жакка бурганга келдим деп айттым. Андай боло турган болсо мени кызматтан алып салгыла, менин принцибим ушул дедим. Ошол окуянын жыйынтыгында мага ушундай сын айтылган", - дейт ал.

Буга карата Тазабек Икрамовдун жообу.

"Менин таанышымды кызматтан алып койгону боюнча эсимде жок. Биз ар бир министрликке алып барып жаткан жумушуна баа беришибиз керек. Мен аны сындагандан кийин жумуштан алгандыр", - деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости