www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп райондук соту жашы жете элек майып кызды зордуктоо иши боюнча айыпталуучуну 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ДНК анализи жок болгондуктан зордуктаганга кылмыш ишин козгоо кыйын болгон. Айыпталуучу жабырлануучунун 64 жаштагы кошунасы болгон.

Эске салсак, ДНК экспертизасы соттолуучу төрөлгөн баланын атасы экенин тастыктаган. Айыпталуучунун жактоочусу экспертизанын жыйынтыгы мыйзамсыз экенин айтып, жогорку инстанцияга даттанган.

Жактоочулардын айтымында, Церебралдык шал оорусу менен ооруган 16 жаштагы кыз кош бойлуулуктун бешинчи айында кансырап ооруканага түшкөн. Өспүрүмгө операция жасалган, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости