www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу сөз кылышты.
Төрага Марлен Маматалиев боордош Азербайжан мамлекети менен өнөктөштүктү өрчүтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: «Эки өлкө башчыларынын ынак мамилеси саясий диалогду кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, бардык тармактар боюнча алакаларыбыз жигердүү өнүгүүдө. Айрыкча эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, анын алкагында олуттуу келишимдерге жетишилүүдө. Эми биз аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн калыптанган парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүбүз кажет», - деди.
Буга жүйө катары Жогорку Кеңеш Азербайжандын Улуттук Межлиси менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин айткан Төрага: «Байланыштарды тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да активдүү улантуубуз зарыл. Анткени парламенттик дипломатия эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өрчүтүүдө өзгөчө мааниге ээ», - деп кошумчалады.
Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Латиф Гандилов жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылык билдирип, Азербайжандын Улуттук Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарованын жолдогон саламын жеткирди.
Андан тышкары, эки өлкө ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берип, Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду аркылуу жасалып жаткан инвестициялык иштер боюнча сөз кылды.
Тагыраагы, фонддун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларына чейин көбөйгөнүн айткан Латиф Гандилов аталган каражат пайызсыз негизде ири долбоорлорго жумшалып жатканын кошумчалады.
Андан тышкары, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттарда биргелешип иш алып баруу боюнча пикир алмашып, парламенттер аралык алакаларды эл аралык уюмдардын алкагында да улантуу боюнча сөз кылышты.