www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Ги баштаган парламенттик делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу үчүн парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү зарылчылыгы белгиленип, тармактык комитеттердин байланышын өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасы соңку жылдары бардык багыттарда жигердүү кызматташып келе жатканын белгилеп: «Бул жолугушуу калыптанган алакаларды тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган сунуш-пикирлерди талкуулоого көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоонун башкы куралы болуп саналат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш Корея Республикасы менен кызматташууга артыкчылык берип, 22 депутаттан турган достук тобун түздүк», – деди.
Ошондой эле эл аралык аянтчалардын алкагындагы алакалар тууралуу да сөз кылган Төрага Борбор Азия + Корея форматындагы жыйындар ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатканын жүйө келтирди.
Муну менен катар соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө учур талабы экенин айткан Марлен Маматалиев Кыргызстан экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу маселесине да өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.
«Андыктан, биз Корея Республикасы менен аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз. Айрыкча тоолуу региондор боюнча «Бишкек+25» II глобалдык саммитине активдүү катышууга чакырабыз», – деди Төрага.
Ал эми Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Ги Борбор Азияга багытталган бул иш сапарында Кыргызстанга артыкчылык берилгенин баса белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатышканын кошумчалады.
«Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер калыптанган 1992-жылдан бери тыгыз иш алып барып, бардык тармактар боюнча кызматташып келебиз. Андыктан, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн парламенттерибиздин, айрыкча тармактык комитеттердин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүбүз кажет. Бул – иш сапарымдын башкы максаты», – деди Ким Сок Ги.
Ошону менен катар түз аба каттамынын ачылышы жарандар ортосундагы алакаларды арттырууга чоң өбөлгө түзүп жатканын айткан Ким Сок Ги кореялыктар Кыргызстандын кооз табиятына кызыгарын, андыктан туризм багытындагы өнөктөштүктү да өрчүтүү керектигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, жолугушууга Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева, «Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев, Корея Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эркинбек Исеналиев жана орун басары Рахат Жунушбаева, ошондой эле аталган топтун мүчөсү Салтанат Аманова катышты.