www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев Курулуш, архитектура министрлигинин орун басары Талант Иманакун уулуна эскертүү берди.

29-апрелде депутат Салтанат Аманова Кыргызстанда объектилерди курууга кызыккан инвесторлор биринчи кезекте суу жана канализация маселесин сурай турганын белгиледи.

Анын айтымында, канализация системасы азырынча Бишкек менен Ошто гана бар. Ошондуктан тазалоочу курулмалар зарыл. Бул заман талабы гана эмес, экономикалык жактан да маанилүү маселе. Ал региондордо канализация маселеси кантип чечилерин сурады.

Докладчылардан жооп болбогондон кийин депутат суроону Иманакун уулуна багыттады. Бирок ал суроону кайра кайталоону суранды.

Спикер Мамыталиев Амановага суроону кайра түшүндүрүүгө кошумча убакыт берилерин айтты. Андан кийин ал Иманакун уулуна кайрылып, эскертүү берди:

“Парламентке келгендер суроону көңүл коюп угуп, так жооп бериши керек. Бул жакка ойноого келген жоксуңар же башка максат менен келген жоксуңар”, — деди ал.

Ошондой эле ал президент менен министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге чиновниктердин ишин көзөмөлдөөнү тапшырды.

Министрдин орун басары канализация маселеси завод-фабрикаларды курууда жеринде чечилиши мүмкүн экенин, бирок мындай маселелер аларга азырынча көп түшө электигин айтты. Ошондой эле башкы пландар канализацияны эске алуу менен бекитилерин белгиледи.

Депутат Аманова болсо Иманакун уулун жайыраак сүйлөөгө чакырып, ал суроого так жооп бербегенин айтты.

Чиновник болсо суу жана канализация маселеси Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигине өткөрүлгөнүн билдирди.

“Анда муну башынан эле айтыш керек болчу”, — деп депутат комментарий берди.

Последние новости