www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Быйылкы оюндарга дүйнөнүн 109 мамлекетинен өкүлдөр катышты. Мелдештер спорт, маданият жана илим багыттарын камтып, спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилди. Жалпысынан 3 миңге жакын спорттук делегациянын өкүлү күч сынашты.

Жабылыш аземинде оюндардын жыйынтыгы чыгарылып, көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана салт-санаасын чагылдырган көркөм программа тартууланды.

Ошондой эле VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Орусиянын Татарстан Республикасында өтөрү белгилүү болду.

Салтанаттын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев символикалык көөкөрдү Орусиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановго тапшырды.

 

Последние новости