www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өткөн ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту 15 миңден ашуун ички иштер органдарынын кызматкери камсыздады.
Милиция кызматкерлери расмий жана спорттук иш-чаралар өткөн жайларда, делегациялардын каттамдарында, коноктор жайгашкан объектилерде жана эл көп топтолгон аймактарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.
Айрыкча 30 миңге жакын көрүүчү катышкан «Бишкек Аренадагы» Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде, ошондой эле Кырчын жайлоосунда жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери чет өлкөлүк конокторго багыт көрсөтүп, туристтерге жардам беришти. Бул иштерге чет тилдерин билген Туристтик милициянын кызматкерлери да тартылды.
Зарыл болгон учурда жарандарга транспорттук жана медициналык жардам көрсөтүлдү.
ИИМдин маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө видеокөзөмөл системалары жана башка санариптик технологиялар активдүү колдонулуп, кырдаалды реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Белгиленген мезгил аралыгында Көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине, алардын катышуучуларына, конокторуна жана чет өлкөлүк туристтерге байланыштуу бир дагы кылмыш же укук бузуу катталган эмес.
ИИМдин жетекчилиги коопсуздук чараларынын уюштурулушун жеке көзөмөлдөп, иш-чаралар өткөн жайларда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин ишин текшерип турду.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн бирдиктүү жана уюшкан иши эл аралык масштабдагы иш-чараларды тынч жана коопсуз өткөрүүгө шарт түздү.