www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маселелерди кароодо депутаттарды активдүүлүккө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда жыйын учурунда билдирди.

Парламенттин жыйынында “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

“Комитетте маселе каралып жатканда депутаттар талкууга активдүү катышпайсыңар. Анан парламенттин жыйынына келип, биринчи жолу угуп, оюңарды айтасыңар. Азыр суроо берип жаткан айрым депутаттарды мен көптөн бери көрө элекмин. Маселе каралып жатканда чыгып кетесиңер. Бирөө суроо берип жатканда укпайсыңар, анан ошол эле суроону кайра бересиңер. Ошон үчүн ушул жерде отуруп, өз ишмердүүлүгүңөрдү аткаргыла, деп өтүнөт элем. Парламентте маанисиз маселе каралбайт, ошон үчүн бардык жыйынга катышканга аракет кылгыла”, — деди Нурланбек Шакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости