www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызмат ордуна байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган жок. Учурда Төрага парламенттеги депутаттык топторунун жетекчилеринин коштоосунда Түркия Республикасында расмий сапары менен жүрөт.

Тагыраагы, делегациянын курамында “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов, “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасы Эльдар Сулайманов, “Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчѳлөрү Алишер Козуев менен Гүлай Машрапова жана депутат Эльвира Сурабалдиева бар.

 

 

Последние новости