www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогору Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев: "Бир Жапаров жакшы, эки Жапаров андан дагы жакшы", - деген фразасы менен бийликтин көңүлүн буруп, натыйжада төрага болду. Мындан улам, карьеранын ачкычы кошоматчылык тура деген жаштардын тобу пайда болду. Муну Маданият министринин орун басары Марат Тагаевдин өз ишин түшүнбөй, кошомат айтып отурган жан бакты мисалынан байкаса болот.
Бүгүнкү күндө, Шакиев Жогорку Кеңештин аппаратына ага-тууган, классташ, жоро жолдошторуна толтуруп салганы жомок болуп айтылып жатат. Баягы, белгилүү журналист Бекен Назаралиев аялын Шакиев иштен алып салганда, каңырык түтөтүп макала жазгандай эле бар экен.
Эмне демекчибиз, май кармаган бармагын жалайт дегендей, казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса... Колунан келип турганда күндүк өмүрдүн түштүгүнө жорго минсин.
Учурда, бир Шакиев жакшы, эки Шакиев андан дагы жакшы болуп, инисин Бишкек шаарынын Ленин районуна аким кылып койду. Негизи, мэр же министр кылыш керек болчу. Балким, ойлонуп көрөөр...
Булак: NazarNews.kg