www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун көпчүлүк өнөктөштөрү Вашингтонго Иран менен согушка катышууну же Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыз кылууну көздөбөй турганын билдиришкен. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 17-мартта TruthSocial социалдык медиа тармагына жазган.
Трамп буга таң калбаганын, анткени ал ар дайым НАТО АКШга жардам бербейт деп ишенип келгенин билдирди:
"Биз бул өлкөлөрдү коргоого жылына жүздөгөн миллиарддаган долларларды коротобуз, ал эми алар биз үчүн эч нерсе жасашпайт.
"Жакынкы Чыгыштагы аскердик ийгиликтерибиздин аркасында бизге НАТО өлкөлөрүнүн жардамына "муктаждык" же каалоо жок!" — деп жазган ал.
Трамп өзүнүн билдирүүсүндө АКШ "эч кимдин жардамына муктаж эмес" деп кошумчалаган.
«Reuters» агенттиги жазгандай, Трамп Ак үйдө Ирландиянын премьер-министри Михол Мартин менен жолугушуу учурунда НАТО өлкөлөрүнүн чечимин акылсыздык деп атады.
"Баары биз менен макул, бирок эч ким жардам бергиси келбейт. Биз муну эстеп калышыбыз керек", - деди ал.
Буга чейин Трамп АКШ НАТОдон чыгарын айткан, бирок 17-марттагы билдирүүлөрүндө бул маселени көтөргөн жок.
Дональд Трамп 15-мартта союздаштарды АКШга жардам берүүгө жана дүйнөлүк мунай заттын 20% өткөн Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыз кылууга чакырган. Ирандын чабуулдарынан улам кысык аркылуу жүк ташуу дээрлик токтоп калган. Бирок Германия жана Улуу Британия кысыкты ачуу үчүн кемелерин жөнөтпөй тургандыгын билдиришкен.