www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү мөөнөткө президенттикке ат салышуусу мүмкүн деген суроолорго жооп берди, деп жазат Bloomberg.
Кабарчылар Трамптан анын айрым колдоочулары анын кайрадан президенттикке ат салышуусун каалап жатканын жана ал тургай башка талапкер үчүн вице-президент болууну сунуштаарын сурашкан.
"Мен муну кубануу менен кабыл алат элем, анткени менин көрсөткүчүм тарыхтагы эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бири", - деп жооп берди Трамп.
Ошол эле учурда ал 2028-жылы Республикалык партияда жетиштүү күчтүү талапкерлер бар экенин баса белгиледи. Трамп алардын арасында вице-президент Джей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубиону бөлүп көрсөтүп, "Эгер алар биригип алышса, аларды ким токтото аларын билбейм" деди. Ал үчүнчү мөөнөткө ат салышуусу коомчулуктун колдоосуна ээ болбошу мүмкүн экенин мойнуна алды.
"Техникалык жактан алганда, буга жол берилиши мүмкүн, бирок адамдар муну жактырышпайт. Бул туура эмес болмок", - деп жыйынтыктады ал.
Маалымат үчүн, Дональд Трамп Республикалык партиянын мүчөсү, АКШнын 47-президенти. Анын биринчи президенттик мөөнөтү 2017-жылдан 2021-жылга чейин уланган.
Эске салсак, 2024-жылдын ноябрында АКШда президенттик шайлоо өткөн. Анда Дональд Трамп жеңишке жеткен. Андан кийин ал ушул жылдын январь айында кызматка киришкен. Ал бул кызматта 2029-жылдын январына чейин АКШга кызмат кылат.
Мохичехра Кадамова, Калемпир
Ташкен