www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын президентинин Россия Федерациясына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелери талкууланганы белгиленди. Мамлекет башчылары Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты жана союздаштык мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанисин белгилешти.
Дүйнөдөгү учурдагы геосаясий кырдаалга байланыштуу айрым маселелер да талкууланды.
Белгилей кетүүчү нерсе, Токаев буга чейин Тажикстанда өткөн Борбор Азия - Россия саммитинин алкагында Владимир Путин менен жолугушкан. Ошол учурда Токаев ушул жылдын 12-ноябрында Россияга сапары пландаштырылганы белгилүү болгон.
Ошондой эле, 7-октябрда Токаев Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны туулган күнү менен куттуктады. Бир жумадан кийин ал Россиянын президенти менен кайрадан сүйлөшүп, Москвага боло турган сапарынын чоо-жайын талкуулады.
Шехроз Жалгашев, Ташкен