www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда маалымат технологиялары тармагындагы ири корпорациялардын жетекчилери менен жолугушуудан кийин, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жасалма интеллекттен (ЖИ) улам бир миллиард адамдын өмүрү кыйратылышы мүмкүн деген кооптонуусун эми билдирбей калганын айтты.
«Гейтс мындан ары мындай сөздөрдү айтпай калды. Ал жекшемби күнү эмне дегенин билбейм, бирок кечээ андай эч нерсе айткан жок», — деп Трамптын сөзүн «РИА Новости» агенттиги келтирет.
АКШ лидери жасалма интеллектке байланыштуу кооптонууларды глобалдык жылуулук тууралуу коркунучтар менен салыштырып, эки учурда тең адамзат үчүн олуттуу коркунуч бар деген пикирди четке какты.
Билл Гейтс буга чейин жасалма интеллекттин көзөмөлсүз өнүгүшү ири кырсыкка алып келип, бир миллиардга чейин адамдын өмүрүн жоготууга себеп болушу мүмкүн экенин эскерткен.