www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Иранга ыраазычылык катын билдирди

Американын президенти Твиттерде билдирүү жасап, Иранга АКШнын мурдагы аскери Майкл Уайтты бошотуу боюнча кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалыматка ылайык, Американын президенти Дональд Трамп өзүнүн жеке Twitter баракчасына “... Америка Кошмо Штаттарына! Биз кызматка киришкенден бери 40тан ашык  барымтага алынган жана кармалган америкалыктарды кайтарып келдик. Иранга рахмат, бул (туткундарды алмаштыруу) бир келишимге келүүнүн мүмкүн экендигин көрсөтүп турат!”, - деп жазган.

Ошондой эле Трамп: “Мен барымтага алынган америкалык Майкл Уайт менен телефондо сүйлөштүм. Ал Ирандан бошотулду, учурда Цюрихте. Уайт жакында америкалык учакка отуруп үйүнө кайтат ...”, - деп баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости