www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Түркия менен көп тараптуу кызматташуунун маанилүү жыйынтыктарды бергенин билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова өткөргөн пресс  - жыйынында АКШнын тышкы иштер боюнча жооптуусу Мэтью Палмердин Түркиянын Россия менен кызматташуусун күчтөндүрүү жана кеңейтүү каалоосунан Вашингтондун тынчсыздануусу тууралуу билдирүүсүн карап чыкты.

Захарова : «Түркия менен көп тараптуу кызматташуубуздун маанилүү жыйынтыктары бири бирине карата кызыкчылыктарга таянган, кысым жана мажбурлоо болбостон бири бирине сый көрсөтүүнүн негизинде  карым  - катнаш куруунун саясында мүмкүн болду»,- деди.

Вашингтондо «бири бирине карата урмат  - сыйдын» кандай маанини билдиргени унутулганын айткан Захарова Түркия менен Россиянын ортосундагы көп тараптуу карым  - катнаштардын үлгү болорлук экенин белгиледи.

Сириядагы абал тууралуу да токтолгон Захарова Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында ок атышпоонун ишке ашканын жана Түркия  - Россия биргелешкен күзөтүнүн улантылып жатканын эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости