www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчысы Абылгазиевдин үстүнөн төгүлгөн жугундулар көп, бир жагынан  үн алгы жыштыгындагы маселе адамдардын ызасына тийсе, бир жагынан ушул окуя боюнча эс алууга кетип калганы далайларды туталантты. Жугунду куйгандардын арасында Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жогорку билими жок дешип, анча-мынча май-талкан кошуп жибергендер бар. Совет заманында Атамбаевдин шопуру Икрам Илмиянов сыяктуу дипломду сатып алгандар дээрлик болчу эмес. Советтик мектепте өсүп-өнгөн Абылгазиев Айыл чарба институтун бүткөн, ошол жердин жогорку билимдүү диплому менен кыялап өскөн. Ал эми «Биздин замандын рыцары» Икрам Илмиянов Женпедди сыртынан бүткөнү, курсташтары ким экенин билбеси түшүнүктүү. Жогорку билимдүү Абылгазиев «Кыргызстан» партиясы менен парламентке аттанчудай, бирок бул партияда да СДПКдай ал –акыбал дурус эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости