www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда, дүйңөдө жана биздин өлкөдө орун алган коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине атайын медициналык каражаттарын тапшырып, бир нече ирет жардамын көрсөтүп келген. Ошондой эле, бүгүн дагы кезектеги колдоосун көрсөтүп, жогорку сапаттагы атайын коргонуучу костюмдарды жана бет каптарды (KN95) тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өз кезегинде, "СOVID-19" инфекциянын алдын алууда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ИИМдин кызматкерлери ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришти.

Эске салсак, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин иши бир катар коопсуздук маселелерине: улуттар аралык коркунучтардан (мисалы, адамдарды сатуу жана терроризм) тартып, укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө чейинки, ошондой эле экономикалык жана экологиялык маселелерге байланышкан тобокелдиктерге багытталган. Мындан тышкары, Кеңсе БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө пактын, сот реформасын, гендердик тең укуктуулукту, адилеттүүлүктү жана демократиялуу шайлоо тутумун колдоого алат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм ЕККУ– коопсуздук, экономика, илим, технологиялар жана адам укугу багытында кызматташуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-ж. Хельсинки конференциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешме (ЕККК) катары түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапешт жолугушуусунда кабыл алынган). Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеңеш, анын отурумдары жума сайын Вена шаарында өткөрүлөт. ЕККУда төрагалык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер министри) кезек менен жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости