www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгону менен анын экономикалык таасири билинбей жатат. Мындай пикирин 5-июнда өтүп жаткан парламенттик талкууда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы, депутат Эмил Токтошев билдирди:

«Улуттук экономикада оңдуу өзгөрүүлөр жокко эсе. Каатчылыкка каршы кабыл алынган программада да кемчиликтер бар. Ушул жагдайга ылайык парламентте экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай багытталган бир катар мыйзам долбоорлору сунушталып жатат», - деди депутат.

Парламенттик талкууда «Ишкердиктин субъектилерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», «Инвестиция чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Салык кодекси жөнүндө», «Электрондук соода чөйрөсү жөнүндө», «Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө», «Туризм жөнүндө», ««Дашман массиви» жана «Сары-Челек» жаңгак-жемиш токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө», «Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор талкууланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости