www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Совхоз-Фрунзе айылында жол кырсыгынан бир аял каза болду деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Эске салсак, Совхоз-Фрунзе айылынын жолунда болжол менен 11:00дөр чамасында чөп тартып келе жаткан КамАЗ Toyota Avensis менен сүзүшкөн.

"Кырсыктан бир аял көз жумуп, беш киши ар кыл жаракат алган. Алардын арасында 52 жаштагы эркек киши жана 1980, 1968, 1960-жылы туулган үч аял менен ымыркай бар", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМдин төрт куткаруучусу автоунаадан сөөктү алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кырсык болгон жерде тергөө тобу иштеп, материалдарды Сокулук райондук милициясына бергендигин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости