www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Ким Чен Ын менен мамилени жакшыртарын айтты

АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп президент болуп шайланып келсе аны "сагынган" Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен алаканы калыбына келтирерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Аны менен жакшы мамиледе болуп калган элем, Түндүк Кореянын ракеталарын кое беришин токтотууга жетишкенбиз. Эми КЭДР мурдагысын кайра баштады, кайтып келгенибизде кайрадан мамилени оңдойм. Келгенимди ал ( Ким Чен Ын – ред.) жактырарын, мени сагынып жатканына ишенем",— деген Трамп республикачылардын Милуоки шаарындагы съездинде сүйлөп жатып.

Саясатчы атаандашы, демократ Байден башында туруп анын администрациясын алмаштыргандар тынчтык планетасын согуш планетасына айландырганын айткан.

"Башкасын айтпаганда да Украинада эмне болуп жатканын карагылачы. Шаарларды жөн эле бомбалашууда. Имараттар, ири имараттар жерпайына чейин урап жаткан шартта ал жактагылар кантип жашап, күн кечире алышат",— деген суроо узаткан Трамп.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости