www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 30дан ашык айып тагылып жатат, анын ичинде бизнести алдаган деген айыптар бар деп "eadaily" CNN телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Буга чейин америкалык басылмалар Нью-Йорктун калыстар тобу Сторми Дэниэлстин иши боюнча Трампты айыптоо үчүн добуш бергенин жазып чыгышкан.

2018-жылдын январында The Wall Street Journal гезити Трамп 2006-жылы актриса Сторми Дэниэлс менен жакын мамиледе болгон жана 2016-жылдагы президенттик шайлоого аз калганда унчукпай туруу үчүн ага 130 миң доллар төлөгөн деген макала жарыялаган.

Трамп өзү Дэниэлс менен жеке мамилеси жок деп ишендирди.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Манхэттен округунун прокурору Элвин Брэгг Ак үйдүн мурдагы башчысынан ага коюлган айыптар боюнча көрсөтмө берүү үчүн анын келишин талап кылган. Экс-президент Дональд Трамп шейшембиде сотко келет деп күтүлүүдө. Сот Хуан Меркан төрагалык кылаарын телеканал бир нече булактарга таянып билдирди. Бир катар атактуу республикачылар Манхэттен округунун прокурорун саясий жүйө бар деп айыптап, АКШнын 45-президентинин сотуна каршы чыгышты.

Ошентип адам укугун ааламга жайылткан Америка Трампты камоонун алдында турат. 

Последние новости