www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп социалдык медиага качан кайтып келери айтылды

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп эки, үч айдан кийин өзүнүн платформасында социалдык медиага кайтып келери айтылды. Бул тууралуу анын кеңешчиси Жейсон Миллерге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.

"Трамптын социалдык тармакка кайтып келгенин көрөбүз, балким эки, үч айдан кийин өз платформасында", - деген Миллер.

Миллердин айтымында, жаңы платформа абдан популярдуу болот, анткени Американын мурунку лидери ал жакка анын ишмердүүлүгүнө кызыккан он миллиондогон колдонуучуларды тарта алат.

Кеңешчи белгилегендей, Трамп сунуш менен кайрылган "көптөгөн компаниялар" менен бир катар "маанилүү жолугушууларды" өткөргөн.

Дональд Трамптын Твиттердеги аккаунту биротоло бөгөттөлгөнү 8-январда белгилүү болгон. Социалдык тармактын администрациясынын айтымында, мындай чечимге 6-январда анын жактоочулары Капитолийди басып алгандан кийин зомбулукка чакыруу коркунучу себеп болгон. Мындан тышкары Твиттердин жетекчилиги социалдык тармакта Трамп колдоно турган бардык баракчаларды өчүрүп салууну убада кылды.

Ошондой эле анын аккаунттарын Фейсбук, Инстаграм, Снапчат жана Tвич социалдык тармактары да жаап салган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости