www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин орусиялык кесиптеши Владимир Путинди «киши өлтүргүч» деп атагандан кийин Кремль менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп турган кырдаалда, АКШдагы орус элчиси Анатолий Антонов шашылыш кеңешүүгө чакырылып, 21-мартта Москвага кайтып келди.

Аптанын башында Байдендин сыналгы үчүн курган маегинде айткан «киши өлтүргүч» сөзү өз кезегинде Владимир Путиндин АКШ президентине «ден-соолук» каалаган жообун алды. Путин какшыктап, кээ бир кишилер өздөрү чындыгында ким болсо, башкалардан ошону көрөт, деп кошумчалады.

Байдендин сыналгы кабарчысы менен маектешүүсүнүн алдында эле АКШнын Улуттук чалгындоо директорунун кеңсеси «Орусиянын бир катар өкмөттүк уюмдары президент Байдендин былтыркы президенттикке талапкердигин жана Демократиялык партияны каралоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзгөн» жана Путин аларга уруксат кылган, деген баа камтылган баяндаманы жарыялаган болчу.

Баяндамага караганда, орусиялык бийликтер мурдагы америкалык президент Доналд Трамптын талапкерлигин колдоп, шайлоо жүрүмүнө болгон элдин ишенимин кетирип, Америка Кошмо Штаттарындагы социалдык-саясий жиктелүүнү күчөтүүгө салым кошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости